Биз менен байланышыңыз

Зеленский коронавирус менен күрөшүүдө ишкерлерден жардам сурады

Дүйнө , Кыска кабар | 17 Мар 2020 | 601 | 0

Украина президенти Владимир Зеленский ири бизнес өкүлдөрү менен жолугушуп,  коронавирус эпидемиясынын жайылышын алдын алуу үчүн жардам сурады. Бул тууралуу өлкө башчысынын пресс-кызматы маалымдады.

«Жыйында өлкө башчысы ири бизнес өкүлдөрү менен Украинада коронавирустун алдын алуу үчүн аткарылуучу иш-аракеттерди талкуулады. Айрыкча, коронавирусту аныктоочу тесттер партиясы, керектүү медициналык каражаттар, коргоочу жана дезинфекция каражаттарын сатып алуу тууралуу сөз болду»,- деп айтылат маалыматта.

Зеленский өлкөдөгү жагдай өтө оор эместигин, бирок, алдын-алуу аракеттерин жүргүзүү зарылдыгын кошумчалаган.

Маалыматка караганда, ишкерлер президенттин сунушун кабыл алып, коронавирус менен күрөшүүгө жардам берүүгө макулдашкан.

Эске салсак, Украина чет өлкөнүн жарандарына мамлекетке кирүүгө убактылуу чектөө киргизген. Ошондой эле, 17-марттан баштап чек арасын 2 жумага жапканын билдирген.

Украинада COVID-19 коронавирусун жуктуруп алгандар 7 кишиге жетти. Алардын экөө каза тапкан.


Орусия чет өлкөлүк жарандарга кирүүгө тыюу салды

Copyright © 2017 Maral FM