Биз менен байланышыңыз

Орусия чет өлкөлүк жарандарга кирүүгө тыюу салды

Дүйнө , Кыска кабар | 17 Мар 2020 | 1592 | 0

18-марттан 1-майга чейин Орусиянын аймагына чет өлкөлөрдүн жарандары кире албайт. Алардын катарында Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын жарандары да бар.

Мындай чечим Орусиянын өкмөтү тарабынан коронавирус эпидемиясына байланыштуу кабыл алынган.
Бул чектөө дипломаттар, расмий делегациялар, айдоочулар, учкучтар жана моряктар, ошондой эле Орусияда туруктуу жашаган чет өлкөлүк жарандарга тиешелүү эмес. Оусиянын жараны болбогон чет өлкөлүк жарандардын кирүүсүн чектөө Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун сунушуна туура келе турганы айтылган.

17-мартка карата, Орусиянын аймагында коронавирус жуктурган 97 адам аныкталган, анын жетөөсү айыккан. Дүйнө боюнча 182 068 адам COVID-19 вирусу менен катталган. Алардын 7138и каза болсо, 78204ү эмделип, илдеттен айыккан.


Коронавирус 150дөй өлкөгө жайылды [тизме]

Copyright © 2017 Maral FM