Биз менен байланышыңыз

Казакстанда коронавируска кабылган 13 жагдай катталды

Дүйнө , Кыска кабар | 17 Мар 2020 | 725 | 0

Казакстандын Алматы шаарында коронавирус жуктурган 3 жаңы учур катталды. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Бүгүнкү күндө Казакстанда жалпы 13 адам коронавирус жуктурду. Алардын ичинен 11 учур Алматыда, 2 учур Нур-Султан шаарында катталды.

Казакстанга 16-марттан 15-апрелге чейин өзгөчө кырдаал режими жарыяланган. Токаев, эгерде зарылдык болсо, режим узартыларын кошумчалады.

Ошондой эле, казакстандык жарандарга 15-апрелге чейин өлкө сыртына чыгууга тыюу салынды. Бул тыюулар эмделүү үчүн башка мамлекетке барууга мажбур болгондорго тийиштүү эмес. Ошентсе да, алар алдын-ала Казакстандын Саламаттыкты сактоо министрлигине билдирүүсү кажет.

Борбор Азия боюнча Өзбекстанда да вирус катталган, алардын саны 8ге жетти.

17-мартка карата дүйнө боюнча 182 068 адам COVID-19 вирусу менен катталган. Алардын 7138и каза болсо, 78204ү эмделип, илдеттен айыккан.


Токаев: Өзгөчө кырдаал режими жүк ташуучуларга тоскоол болбойт

Copyright © 2017 Maral FM