Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-орус премьерлери коронавирус боюнча кырдаалды талкуулашты

Кыска кабар | 16 Мар 2020 | 387 | 0

Кыргыз Өкмөтүнүн башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев Орусия Федерациясынын премьер-министри Михаил Мишустин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Сүйлөшүүдө коронавирус инфекциясынын жайылышына байланыштуу маселе, анын таркашына жол бербөө боюнча кабыл алынып жаткан чаралар талкууланды.

Тараптар координациянын жана биргелешип аракеттенүүнүн маанилүүлүгүн белгилешип, ошондой эле зарыл маалыматтарды ыкчам алмашуу жана тиешелүү жардамдарды берүү тууралуу макулдашышты.

Телефон аркылуу сүйлөшүүдө ошондой эле Орусия Федерациясынан импорттолуучу күйүүчү май, азык-түлүк жана товарларды ташуу мурдагыдай тартипте жүзөгө ашырылып жатканы белгиленди.

Copyright © 2017 Maral FM