Биз менен байланышыңыз

Бүгүнтөн баштап өкмөт дем алышсыз иштейт

Кыска кабар | 16 Мар 2020 | 1288 | 0

Бүгүн, 16-марттан баштап Өкмөт дем алышсыз иштейт. Бул тууралуу премьер- министр Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүнкү маалымат жыйында билдирди.

«Дем алыш күн, эс алуу деген токтоду. Өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдардын жетекчилери, орун басарлары, акимдер, облус жетекчилери баары күн-түн дебей элибиздин суроолоруна жооп берүүгө даярбыз», — деди Өкмөт башчысы.

Ошондой эле, ал оору менен күрөшүүдө эрежелерди туура сактоого чакырып, ооруну тартип менен гана жеңүүгө боло тургандыгын айтты.

«Саламаттыкты сактоо министрлиги айткан эрежелердин баарын сакташыбыз керек. Жалпы кабыл алынган эрежелерди сактоо менен гана биз ооруга каршы тура алабыз», — деди Абылгазиев.

Copyright © 2017 Maral FM