Республиканын аймагында коронавирустун чыккан учуру катталган жок, эпидемиологиялык кырдаал туруктуу. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
— Обсервацияда 341 адам жатат, 1 миң 228 киши үй карантининде. Жалпысынан 1 миң 218 адам 14 күндүк карантинден кийин чыгарылды, — деп айтылат маалыматта.