Биз менен байланышыңыз

Өзбекстан: Коронавирус жуккан жаран менен чогуу учкандар такталып жатат

Кыска кабар | 15 Мар 2020 | 750 | 0

Бүгүн, 15-мартта саат 6.00дө Өзбекстандын вирус боюнча институту Франциядан келген өзбек жаранында коронавирус бар экендигин аныктаган. Мындай маалыматты Санитардык-эпидемиологиялык бейпилдик боюнча агенттиги билдирген.

Өзбекстандын башкы санитардык дарыгери Бахром Алматов билдиргендей, учурда Өзбекстанда вирус жуктурган жаран менен чогуу учкан адамдардын туруктуу жашаган жерлери аныкталууда.

Ошондой эле ал чогуу учкан жарандар медициналык көзөмөлгө алынарын билдирди.

Алматов жарандарды дүрбөлөңгө алдырбоого жана өздүк гигиенаны туура сактоого чакырды.

Учурда аталган вирустун таркашына жол бербөө үчүн эпидемиологиялык жана  профилактикалык алдын алуу иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM