Биз менен байланышыңыз

Айнура Тургунбаева: Жүрөктө сүйүү жашайт

Айтылуу актриса Таттубүбү  Турсунбаеванын жээни , “Сакиш” аттуу каймана аты бар куудул айым,  Кыргыз Республикасынын эмгек синирген артисти Айнура Тургунбаева “Марал” радиосуна  чыгармачылык  жолу тууралуу узун кеп салды. 

-Соңку  жаңылыктарыңыз  менен  бөлүшүп  кетсеңиз?  Театр жана кино  тармагында  кандай өзгөрүүлөр болуп атат?  

-«Жаз келди деп» элдин баары майрамдап жүргөндө биз жакшынакай сьемкада жүрдүк, кетирбей бир-эки жерден тартылдык. Театрда  болсо жаңы  спектаклдерди койгону жатабыз.

-Кино кайсыл жанрда тартылып баштады?

-Бул комедия жанрында, Мурат Мамбетов байке, Ырыс Жоомартова болуп чогуу ошол кинону тартып жатабыз, азыр аты коюла элек. Биз былтыр Антальяга барып тасманын жарымын тартып келгенбиз, эми Бишкектеги окуяларды чагылдырып жатабыз. Мындан тышкары, сериалга тартылууга сунуштар түшүүдө. Кудай буйруса, жаңылыгыбыз жакшы.

-“Сакиш” деген ысым сизди элге кеңири таанылткан ат десек жаңылышпайбыз? Мындай даражага жетүүнүн артында дагы бир тарых жаткандай?

-Ооба, өтө эле чоң тарых болуп кетти, себеби жаш өткөн сайын, жыл өткөн сайын тарых болуп кала берет турбайбы. Бул негизи, 1991-жылдан баштап эле коюлган ысым. Бул болсо интермедияларда ойногон каармандардын аттары — Сакиш, Бопуш, Гүкүш, Такиш деген эки үй бүлө бар эле. Ошонун Сакиш-Бопушу биз болчубуз да. Гүкүш-Такишс дегени Гүлмира Турсунбаева менен Таалай Мамытов болчу.Ошол бойдон эле ушул атка миндик да калдык. Кудайга шүгүр, кармашкан колубуз үзүлө элек (күлүп).

-Азыркы учурда Бакен Кыдыкеева атындагы жаш көрүчүлөр театрында актриса болуп иштейсиз, театр жамааты кандай иш алып барууда жана бул тармактын абалы кандай?

-Эми бул театрдын абалы жөнүндө аябай эле айтып жатабыз, боздогондой боздоп, кошок кошкондой кошуп, Манас айткандай кылып деле айтсак болот да. Эмне үчүн дегенде,Бакен Кыдыкеева атындагы жаштар театрыбыздын өзүнүн имараты жок да.  Кудай буйруса, Кудайдын кулагы сүйүнсүн,жаңы театр салынат деп жатышат,ошого толкунданып сүйүнүп жатабыз. Ал эми азыркы театрыбыздын акыбалы өтө начар, жыртык-тешиктерин өзүбүздүн көшөгөлөр менен жаап катып койгонбуз, бирок артына көшөгө жетпей калды. Арты урап жатат, ошондуктан чоңдорубуз ал жакты  дагы буйруса, куурчактай кылып оңдоп  беришет экен. Театр салып берет экен, айлыгыбызды да көтөрүп берет экен кудайдын кулагы сүйүнсүн деп эле ошого бата кылып отурабыз азыр.

-Театр кызматкерлери айлык акы аз деп айтып эле келишет, бирок ошонун майнабы качан чыгат болду экен?

-Буюрса, болот деп эле жатышат, бирок, качан? кайсы жылы? кайсы убакта турганын билбейбиз. “Буюрса, болот” деген сөзгө кол чаап кубанып жүрөбүз желегибизди көтөрүп.

-Өспүрүм куракка кайрылсак, сиздин актрисалык кесипке болгон алгачкы кадамдар?   

-Мектепте окуп жүргөн кезде эртерээк окууну бүтүп кетсем экен, “ии ушу качан чоңоем”- дейт экенбиз да, көрсө, ар бир убакыттын ар бир жаштын өзүнүн керемети болот экен. Эмне үчүн дегенде, бала чакта эч нерсе менен ишиң жок, бергенди жеп, качан акчасы келери менен ишиң жок, жүрө бересиң да. Бул кесип бала чагымда эле маңдайыма жазылган го, кыязы, кичинекей кезиңде өзгөрө берет экен бир туруп мугалим болгуң келет, кайра туруп догдур болгум келчү, бирок өзүмдүн дээримде бир аз талантым болду окшойт. Ошондон улам, актрисалыкты тандадым. Анан аябай тентек болчумун, ошондо эле көргөндөр “ии, бул артист болот го”- деп калышчу экен. Мектептерде дагы конкурстарга катышып жүрүп эле анан ушул жолду уланттык.

-Комедия жанрына  көбүрөөк  басым  жасалат. Башка жанрдагы тасма жана спектаклдерден  дагы сиздин талантынызды көрүп калабызбы?

-Мен өзүм тандаган жокмун, куудулдук жагым бар окшойт го. 1991-жылы Жантөшев театрынан келип, ал убакта союз кулап, элибиз нанга жетпей, артистер базарга чыгып кетпедикпи. Мен деле базарга чыгып кеткем нан сатып. Ошол учурда эстрада багытында интермедия ойноп, ошондон эле таанылып кеттик. Өзүм, негизи, драмалык актрисамын да, драманы деле комедияны деле, трагедияны  дагы ойнойбуз себеби дегенде бул — биздин кесип да.

-Азыркы учурда театрга барган адамдардын саны көбөйүүдөбү?

-Илгеркидей эмес, азыркы биздин админстрация да бул жаатта кыйналат. Себеби аны уюштуруп, билет сатып, биздин театр дагы жаштар театры болгондон кийин көбүнчө жаштарга ылайыктуу жомоктор коюлат. Улууларга деле коюлуп жүрөт, бирок басымдуу бөлүгү жаш балдарга көбүрөөк коебуз да. Анан уюштурганга жараша болот, жакшы уюштурсаң жакшы болот. Интернет тармактарына деле жарнама кылып көрүштү.  Бирок, эл келбейт экен.  Көр оокат, акчасы жок болсо, баягыдай завод-фабрикалар иштебесе, жарымыбыз чет мамлекеттерде жүрсөк. Илгери драмтеатрга кириш үчүн бир жума мурун билет алып коюшчу. Азыр болсо, жакшылап уюштуруп билет өткөргөнгө таанышың керек. Ага барып дагы  сүйлөшүп программаңды көргөзүп беришиң керек, бирок ушунун баары ушул бойдон калбайт деп ишенебиз. Бардыгы жакшы жагына өзгөрүп кетээр. Эл бар биз бар, биздин ырыскыны элге чачып коюптур да, ошол үчүн элибиз келип берсе эле биз шаңкылдайбыз.

-Кино жана театрда дагы дайым шайыр жүргөн Айнураны көрөбүз, жашоодо кандай айымсыз?

-Жашоодо өтө эле олуттуумун. Бул биздин ишибиз да сахнада гана куудулданып жүрөбүз, анан элестетсең  көчөдө эле куудулданып жинди болуп баратканыбызды(күлүп).

Дос-курбулардын арасындачы?

-Дос-курбулардын арасында аябай жакшы, бири-бирибизди туурап, шаңдуу жүрөбүз. Кадимкидей эле маршурттук каттамга олтуруп, эл менен сыгылып түртүшүп эле жүрөм.

-Сынга сынбайсызбы?

-Сынды жакшы эле кабыл алам, бирок кээ бирөөлөр өтө эле аша чаап кетет да. Эми мындайда адам бирөөгө сын айтардан мурун өзүнүн “пленкасын” артка жылдырып карап коюш керек деп ойлойм. Эми артисттин аты жеңил, көбүрөөк сөз жабышат. Мен негизи, өзүмдү билем кайсыл жерде кандай алып жүрүштү, кээ бирөөлөр өтө эле белден төмөн сөздөрдү айтып жазышат, мен ойлойм андайлардын өзүн сынга алыш керек,себеби ал нерсени апасы, агасы, ини–карындашы, баары окуп жатат, сын айтуунун дагы  өзүнүн этикасы, ыкмасы болот.

-Махабат сүйүү темасынан  сүйлөшөлү?

-Сүйүү бул эми түрү көп да. Сүйүү менен баягы максат кыял бир жүрөт эмеспи, кайгы-капасы да болот дегендей, эми сүйүү болгон жакшы го дейм, сүйүү жок болсо жоголуп кетебиз да.

-Жүрөгүңүздү багынткан  инсан?

-Эми муну айтсам да балээ, айтпасам да балээ го ,(күлүп) бар го дейм. Жүрөктө сүйүү жашайт.

-Актриса Таттыбүбү Турсунбаеванын жээни болом деп  айтып  жүрөсүз? Чын төгүнүн уксак?

-Апам Жумгалдан болот. “Супер саяк” деп тамашалап коюшчу экен. Мурун шартка байланыштуу катышпай калыптырбыз. Кандайча тууганчылык жайыбыз бар деп сураштырдым. Мага эки атанын балдары  болосуңар деп түшүндүрүп беришти. Мен Таттыбүбүдөй эжебиз менен абдан сыймыктанам.

-Кино айдыңы театр сиз үчүн эмне?

-Экөө тең мен үчүн сонун аалам, күн чыккандай  жылуу мээримдүү жана чоң аалам.

-Эмне жөнүндө көп ойлоносуз?

-Жаш кезде «атыбыз чыкса экен, мени да эл тааныса экен» деп ойлочубуз да, азыр болсо «баары жакшы болсо экен» дей берем. Жакшылык болуп, дүйнөдө согуш болбосо экен, элим-жерим, бир туугандарым аман болсо экен, жакшы роль берилип элимдин кол чабууларына арзысам экен деп ойлоном.

-Чоң рахмат. Сизге чыгармачылык эргүү жана  ийгилик  каалайбыз!

 

 

 

 

Copyright © 2017 Maral FM