Биз менен байланышыңыз

Эми беткаптар 10 сомдон жогору сатылбайт

Кыска кабар | 13 Мар 2020 | 1009 | 0

Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу гуманитардык кампада жетиштүү деңгээлде беткаптар бар. Ошондой эле беткаптар ооруканаларда да жетиштүү. Рынокто гана беткаптардын жетишсиздиги байкалып жаткан. Мындай пикирин саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев маалымат жыйынында билдирди.

— Азыр беткаптарды 3 компанияга бердик, алар 450дөн аптекаларга таратышат. Беткап боюнча жаңы эреже киргиздик. Анын негизинде беткаптар 10 сомдон жогору сатылбайт. Ар бир адамга үчтөн сатууга болот, — деди  Чолпонбаев.

Ошондой эле ал бир компаниянын Кыргызстанда беткаптарды тест түрүндө чыгарып жатканын айтып, кийинки жумаларда сатканга мүмкүнчүлүк боло турганын билдирди.

Мындан сырткары, Чолпонбаев жакын арада беткап маселеси чечиле турганын кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM