Биз менен байланышыңыз

Филиппинде беткапты туура эмес кийгендер да камалат

Дүйнө , Кыска кабар | 6 мая 2021 | 515 | 0

Филиппиндин президенти Родриго Дутерте полицияга беткап кийбегендерди камакка алууну буйруду.

«Мен полицияга беткап такпаган адамдарды камакка алууну жана алардын эмне үчүн ушундай кылып жаткандыгын билүүнү тапшырдым», — дейт Филиппин президенти.

Тактап айтканда, масканы туура эмес кийип алгандар — оозу-мурдун жаппастан ээгине кийгендер да полиция тарабынан кармалат.

«Мамлекеттин бул аракети башкаларга вирус жуктурбоо жана өзүн дагы коргоп жүрүү максатын көздөйт», — деди Дутерте.

Пандемия башталгандан бери Филиппинде 1 миллиондон ашуун адам коронавирус жугузуп, 17 миңден ашуун бейтап көз жумган.

Copyright © 2017 Maral FM