Биз менен байланышыңыз

Коронавирустан натыйжалуу коргогон беткаптын түрү аныкталды

Дүйнө , Кыска кабар | 29 Июл 2020 | 531 | 0

Австралиянын Жаңы Түштүк Уэльс университетинин окумуштуулары коронавирустан коргой турган беткаптардын эң натыйжалуу түрүн жарыялады.

Science Daily билдиргендей, изилдөөчүлөр беткаптардын үч түрүн салыштырып көрүшкөн: бир, эки катмарлуу кездеме жана кол менен жасалган үч катмарлуу хирургиялык маскалар.

Адистер эксперимент үчүн атайын иштелип чыккан LED жарык берүүчү тутумду жана беткап түрүн кийип жатканда, сүйлөө, чүчкүрүүү жана жөтөлүү учурунда пайда болгон микроскопиялык тамчылардын таралышын аныктоо үчүн жогорку ылдамдыктагы камераны колдонушту.

Эксперименталдык видеодо бет үчүн үч катмарлуу хирургиялык беткап коронавирустан коргонууда эң натыйжалуу экендиги көрсөтүлгөн.

Окумуштуулардын айтымында, беткаптын коргоочу касиеттери колдонулган материалдын түрүнө, жасалгалоосуна, анын бетке жабышышына жана канчалык тез-тез жууп турушуна да таасир этет.

Кол менен жасалган беткаптар кеминде эки катмардан тигилиши керек.

Copyright © 2017 Maral FM