Биз менен байланышыңыз

Сауд Аравиясы мунайдын баасын 25 долларга түшүрөт

Дүйнө , Кыска кабар | 13 Мар 2020 | 971 | 0

Сауд Аравия Европа үчүн мунайдын баасын 25 долларга түшүрөт. Ошол эле учурда мунай менен камсыз кылуунун өлчөмүн 3 эсеге көбөйтөт. Бул тууралуу Bloomberg маалымат агенттиги өздүк булактарга таянуу менен жазып чыкты.

Маалыматка караганда, Улуу Британия менен Голландиянын Royal Dutch Shell, Британиянын BP, Франциянын Total, Испаниянын Repsol жана CEPSA компаниялары Сауд Аравиясынын Saudi Aramco мунай компаниясынан стандарт өлчөмдөн 25-200 пайызга көбүрөөк мунай жеткирип берүү боюнча сунуш алышкан.


Мунай 31 пайызга арзандады


Bloomberg кабарлагандай, мунайдын бир баррели 25 доллар. Ал Орусиянын Urals компаниясынын мунайы мындан да арзан.

Saudi Aramco Европа базарларын күн сайын адаттагы өлчөмдөн (1,5 миллион баррель) көбүрөөк мунай менен камсыз кылат.

Белгилей кетсек, акыркы жума ичинде Сауд Аравия Total, SOCAR, Neste Oil, Preem, Phillips 66 жана Litasco компаниялары менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөн.

Мындан тышкары, Сауд Арабиясы АКШга 12 млн баррель мунай жеткирип берүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.


Казакстан мунай өндүрүүнүн көлөмүн өзгөртпөйт


Ал эми Орусия менен Казакстан мунай өндүрүүнүн көлөмүн өзгөртпөй турганын билдирген соң Сауд Аравия мунайдын наркын түшүргөн. Бул мунай баасынын дээрлик 30%га, же болбосо 31 долларга чейин төмөндөөсүнө алып келген. Кийинчерээк мунайдын наркы 37 долларга көтөрүлүп, бирок 12-март күнү соода 33 доллардын тегерегин түзгөн.

Copyright © 2017 Maral FM