Биз менен байланышыңыз

Ирак жана Кувейт Саудиянын артынан мунайдын баасын төмөндөттү

Ирак жана Кувейт ОПЕКке (мунай өндүрүп экспортточу өлкөлөрдүн уюму) мүчө өлкөлөрдүн сап башында турат. Бул өлкөлөр да Сауд Аравиясынын артынан апрель айына карата мунайдын баасын арзандатты. Бул тууралуу Bloomberg агенттиги жазып чыкты.

Ирак да апрель айына карата мунайдын Basrah Light сортунун баасын 5 долларга төмөндөтөт.

Кувейт өз кезегинде Азия өлкөлөрүнөн мунай сатып алуучуларга мунайдын баррелин 6 долларга төмөндөттү. The Wall Street Journal гезити Сауд Аравия бийлигинин өкүлдөрү берген маалыматтарга шилтеме кылып жазганына караганда, баалардын төмөндөшү орус позицияларын алсыздандырууга багытталган.

Басылма Сауд Аравиясыныны мындай кадамдарга баргандыгын 6-марттагы ОПЕК+ка мүчө өлкөлөрдүн министрлери мунайды кошумча өндүрүүнүн көлөмүн азайтуу боюнча келишимдин кийинки параметрлери боюнча келише албагандыгы себебинен улам болгондугун баса белгиледи. ОПЕК жыл аягына чейин кошумча мунай өндүрүүнү суткасына 1,5 млн баррелге азайтууну сунуштаган. Бирок Орусия тарап буга макул болгон эмес. Апрель айынан тарта мунай өндүрүү боюнча бардык чектөөлөр алынып салынат.

Reuters агенттиги Саудиянын башчысы Амин Насердин айткандарына шилтеме кылып, Сауд Аравиясында буга чейин мунай суткасына ОПЕК+тун келишимдерине ылайык, 9,7 млн өндүрүлүп келсе, апрель айынан тартып 12,3 млн баррель өндүрө турганын жазды.

Эскерте кетсек, 9 мартта ОПЕКтин маалымат булактары Саудия Орусия федерациясына баалар согушун жарыялаганын билдирген. Анткен менен Сауд Аравиясы Орусияны мунай базарындагы маанилүү өнөктөшү катары эсептейт.

 

Copyright © 2017 Maral FM