Биз менен байланышыңыз

Мунай 31 пайызга арзандады

Дүйнө , Кыска кабар | 9 Мар 2020 | 619 | 0

ОПЕК+ка кирген өлкөлөр өз ара келише албагандыктан Brent маркасында мунайдын баасы 31 пайызга арзандады. Бул тууралуу эл аралык басылмалар жазды.

Ага ылайык, Brent маркасындагы мунайдын наркы 14 долларга арзандаган. Мунайдын аталган маркасынын баасы буга чейин 2016-2003-жылдары да төмөндөп кеткен.

WTI маркасы боюнча мунайга болгон баа 27 пайызга арзандап, 30,27 долларды түзгөн. Мунайдын бул түрү акыркы жолу 2016-жылы 30,3 долларга арзандаган эле.

Белгилей кетсек, ОПЕК+ өлкөлөрүнүн 6-марттагы сүйлөшүүлөрү ишке ашкан жок. Тараптар уюмдун жаңы көрсөткүчтөрү же иштеп жаткан келишимдин мөөнөтүн узартуу боюнча бир пикирге келише алышкан эмес.

Орусия учурдагы шарттарды сактап калууну сунуштаса, Сауд Аравиясы мунай өндүрүүнүн көлөмүн кыскартууну талап кылган. Натыйжада, 1-апрелден тарта келишимдин катышуучуларынын мунай казып алуунун көлөмүн кыскартуу боюнча милдеттенмелери  жокко чыгарылды.

ОПЕК (Мунай экспорттогон өлкөлөрдүн уюму) жана ага кирбеген өлкөлөрдүн (ОПЭК+) мунай өндүрүүнү азайтуу боюнча келишим 2017-жылдын башынан бери аткарылып келген. Кийинчерээк, 2019-жылдын соңуна чейин 2018-жылдын октябрына салыштырмалуу 1,2 млн баррель аз мунай казып алуу пландалган.

Ал эми учурдагы квартал үчүн уюм мунай өндүрүүнүн көлөмүн 1,7 миллион баррелге чейин кыскарткан.

Copyright © 2017 Maral FM