Биз менен байланышыңыз

Кадырбаев: Бензиндин баасы 7-10 сомго, дизелдики 3-5 сомго кымбаттайт

Кыска кабар , Экономика | 9 Мар 2021 | 1151 | 0

Кыргызстанда март айында бензиндин баасы 7-10 сомго, ал эми дизелдин баасы 3-5 сомго чейин кымбаттайт. Бул Орусиядагы нефть өндүрүүчү ишканалардын 1 тонна бензинге карата бааны 100-150 долларга, дизелдикин 60-70 долларга чейин кымбаттатуусуна байланыштуу. Бул тууралуу Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Айтмамат Кадырбаев билдирди.

«Орусиядагы нефть өндүрүүчү ишканалардын бааны көтөрүшүнө: биринчиден, дүйнөдө мунайдын баасынын өсүүсү, экинчиден, пандемияга байланыштуу нефть өндүрүүнүн көлөмүнүн төмөндөөсү, жазгы талаа иштерине байланыштуу күйүүчү майга болгон талаптын жогорулоосу себеп. Ошондой эле Орусияда бензинге, мотор майларына, акциздик салыктардын инфляциянын деңгээлинде көтөрүлүшү, сомдун девальвациясы да буга негиз. Нефтетрейдерлер ассоциациясынын билдирүүсүнүн негизинде маселе боюнча Орусиялык ишканалар менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат». 

Ал Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде маалымат берип жатып, өлкөдө күйүүчү майдын баасы учурда 2020-жылдын декабрь айына салыштырмалуу 14 пайызга өскөнүн айтты.

Кыргызстандын күйүүчү майдын бир жылдык керектөөсү 1 млн 200 миң тоннаны түзөт. Анын 20 пайызы өлкөдө өндүрүлсө, калганы Орусиядан импорттолуп келет. Андыктан мунайдын баасын бир калыпта кармоо бир тараптуу маселе эмес.

«ЕАЭБге кирген мамлекеттердин арасында күйүүчү майдын арзандыгы боюнча Кыргызстан 2-орунда турат. Мисалы Аи-92 бизде 39 сом болсо, Казакстанда 30 сом, Орусияда 50 сом, Белорусияда 56 сом, Арменияда 59 сом. Мунайзатынын баасынын өсүшү боюнча министрликте отурум өткөрүлдү. Бул багытта мекемелер аралык топ иштеп жатат. Ошондой эле 1-мартта «Күйүүчү майды сыртка чыгарбоо жөнүндө» Өкмөттүн токтому кабыл алынды», — деди Кадырбаев.

Парламенттин тармактык комитетинде депутат Бейшеналы Нурдинов күйүүчү-майлоочу майларды сатып алууну Орусиядан гана эмес, кошуна Казакстан, Иран, Түркмөнстан сыяктуу өлкөлөрдөн да алуу зарылдыгын белгиледи. Ошол эле кезде Өкмөттүн өкүлү мунайды Орусиядан алуу бир топ арзан экенин, ошондой эле экспорттук алымдар жок экенин билдирди.

Copyright © 2017 Maral FM