Биз менен байланышыңыз

Мунайдын баасы 2002-2003-жылдагы төмөнкү чектен да ылдый түштү

Дүйнө , Кыска кабар | 19 Мар 2020 | 739 | 0

Мунайдын баасы 2002-2003-жылдардагы төмөнкү чектен өтүп кетти. Brent маркасындагы мунайдын баасы 13 пайызга, башкача айтканда, баррели 29,9 долларга түшүп кетти. Бул 2003-жылдагы эң төмөнкү көрсөткүчтөн да ылдый болуп калды дегенди билдирет. Ал эми WTI маркасындагы мунайдын баасы 23 пайызга арзандап, баррели 21,5 долларга төмөндөгөн. Бул 2002-жылдагы эң төмөнкү деген көрсөткүчтү жаңылаган.

Мындай жагдайда доллардын биржалык курсу 80 рублди түзсө, евронун курсу 88 рублге чыккан.

Мунайдын баасынын төмөндөшү Орусия жана ОПЕКке мүчө өлкөлөрдүн мунайды өндүрүүнүн деңгээлин төмөндөтүү боюнча жүргүзүлгөн сүйлөшүүсүндө бир пикирге келе албай койгонунун себебинен улам болгон. Ошондой эле, мунайдын жана рублдин курсунун түшүүсүн дүйнөдө болуп жактан коронавирус пандемиясы менен да байланыштырышкан.

 

Copyright © 2017 Maral FM