Биз менен байланышыңыз

Ишкерлерди көзөмөлдөөчү текшерүүлөр азаят

Кыска кабар | 13 Мар 2020 | 634 | 0

Өкмөт зарылдыкка жараша ата мекендик ишкерликти колдоо саясатын күчөтөт жана бизнести колдоо боюнча кошумча чараларды кабыл алат. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев улуттук валютанын курсунун төмөндөөсүнүн кесепеттерин турукташтыруу боюнча өткөн кеңешмеде билдирди.

Ал 9-мартта мунайзаттын баасы 30%га түшүп, валюта биржасында Орусия жана Казакстандын улуттук акчасынын курсунун төмөндөөсүнө алып келгенин белгиледи.

Өнөр жай түзүмүндө нефтегаз тармагынын үлүшү болгону 2%ды түзөт, биздин экономика мунайдын баасына түздөн-түз көз каранды эмес. Бирок  өнөктөш өлкөлөрдөгү экономикалык өзгөрүүлөр өзүнүн таасирин  тийгизбей койбойт. Ошентсе да, азырынча биздин өлкөдө күйүүчү майлардын баасы кармалып турат, кооптонууга негиз жок», — деди Абылгазиев.

Эң негизгиси – Кыргыз Өкмөтү ата мекендик ишкерлерди жана бизнести колдоо саясатын күчөтөт.  Зарылдыгына жараша кошумча чаралар кабыл алынат.  Алар:

  • мамлекеттик сатып алуулар процессине ата мекендик компаниялардын катышуусун колдоо боюнча иштерди күчөтүү,
  • товарларды, кызматтарды көбөйтүү, бизнести текшерүүгө киргизилген мораторийди дагы 1 жылга узартуу жагын карап чыгуу (2022-жылга чейин).

Быйылкы жылдан тартып Салык кызматы тарабынан жүргүзүлүүчү көзөмөлдөөчү текшерүүлөрдүн саны кыскартылат.

Мухаммедкалый Абылгазиев финансылык колдоолор боюнча, өлкөдөгү банктардан чет элдик валюталар менен алынган насыялар боюнча талдоолор жүргүзүлөрүн айтты. Керектүү көлөмдө социалдык-маанилүү товарларды ташып келүү багытында иштеген бизнеске колдоолор күчөтүлөрүн кошумчалады.

Премьер-министр ошондой эле пландалган социалдык милдеттенмелерди каржылоону жана мамлекеттин артыкчылыктуу багыттарын эске алуу менен, чыгашаларды кыскартуу жана каражаттарды үнөмдөө менен бюджеттик каражаттарды сарамжалдуу пайдалануунун маанилүүлүгүнө токтолду.

Copyright © 2017 Maral FM