Биз менен байланышыңыз

Токтогулда бангизат менен эки жаран кармалды

Кыска кабар | 13 Мар 2020 | 1170 | 0

Токтогул районунун аймагындагы Бишкек-Ош жолунун жээгинен ири өлчөмдөгү баңгизатты мыйзамсыз сатып жаткан жеринен Токтогул районунун тургуну 1983-жылы туулган Т.З. аттуу жаран кармалып, жанынан болжол менен 4 кг 633 граммды түзгөн наркотикалык баңгизатка окшогон каражат алынган. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин маалымат кызматы билдирди.

Аталган факты Токтогул РИИБдин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестерине катталып, Жазык кодексинин 267-беренесинин (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) негизинде сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Тергөөнүн жүрүшүндө шектүү Т.З. баңгизатты айылдашы Токтогул районунун тургуну 1965-жылы туулган Т.Ж. аттуу жарандан алгандыгын билдирген. Андан соң анын жашаган үйүнө тинтүү иштери жүргүзүлүп, даярдоого керектүү болгон далил буюмдар алынып, тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Кылмышка шектүү жарандар Жазык процесстик кодексинин 98-беренесинин негизинде Токтогул РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM