Биз менен байланышыңыз

Баткен: Коомдук жайлар жана транспорттор дезинфекциядан өтүүдө

Кыска кабар | 12 Мар 2020 | 461 | 0

Баткен облусунда коронавирустун алдын алуу боюнча эл көп топтолгон коомдук жайлар, коомдук транспорттор дезинфекциядан өтүүдө. Атайын адистер бул боюнча жер жерлерде түшүндүрүү иштерин да жүргүзүүдө. Билим берүү мекемелеринде коронавирустун алдын алуу, сактануу жолдору боюнча күн сайын сабактар өтүлүп жатат. Бул тууралуу Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат катчысы Чолпон Бердикулова билдирди.

Облустун аймагындагы беш чек ара көзөмөлдөп өткөрүү пункттары тепловизор менен камсыздалып, медицина кызматкерлери күнү-түнү иштөөдө.

Тажикстан менен чек арадагы Кызыл-Бел, Кайрагач, Кулунду, Өзбекстан менен чек арадагы Кадамжай, Кызыл-Кыя өткөрмө бекеттери аркылуу күнүнө 4 миңге жакын жарандар кирип чыгууда. Алардын баары санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун кызматкерлери тарабынан дыкат текшерүүдөн өтүүдө.

Ушул күнгө чейин дарыгерлер чек ара өткөрмө бекетинде 10 кишинин дене табы көтөрүлгөнүн аныктап, Кыргызстанга киргизбей, өз өлкөсүнө кайтарышкан. Чек ара өткөрмө бекеттеринде оорулуу адамды убактылуу кармоо үчүн изоляторлор уюштурулган.

Учурда облустун саламаттыкты сактоо мекемелери дезинфекциялык каражаттар менен камсыздалган. Ошондой эле биринчи керектелүүчү каражаттар менен камсыздоо көзөмөлдө. Ушул тапта облустун саламаттыкты сактоо мекемелери жана дарыканаларда 110 миңден ашуун маскалар бар.

Бул илдеттин алдын алуу, ага каршы күрөшүү үчүн облустун бардык ооруканаларынын жугуштуу оорулар бөлүмдөрүндө атайын изоляторлорлор даярдалып, дары-дармектер камсыздалып, дарыгерлерге атайын формалар алынып келинген.

Учурда Баткен облусунда коронавируска шектүү учур катталган жок жана карантинге алынгандар жок.

Copyright © 2017 Maral FM