Connect with us

Сирияда 500дөй медициналык жайга чабуул жасалган

Дүйнө , Кыска кабар | 12 Мар 2020 | 694 | 0

Сирияда акыркы 4 жылда 494 медициналык жай чабуулга учураган. Мындай маалыматты Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму жарыялады.

«2016-2019-жылдар арасында Сирияда медициналык жайга чабуул болгон 494 жагдай катталган. Кесепетинде 470 бейтап менен медиктер көз жумган. Чабуулдардын 337си өлкөнүн түндүк-батышында орун алган»,-деп айтылат маалыматта.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Сирия кризисинде ооруканаларга болгон чабуулду сынга алды. Маалыматка караганда, 2016-жылдан бери эмдөөчү жайларга карата чабуулдар күч алган. Анын ичинен эң көп Идлиб, Алеппо жана Хамадагы ооруканалар жабыркаган.

Сириядагы согуш 2011-жылы март айында аскерлер демонстранттарга карата ок чыгаргандыгынан улам, тынчтык митинги куралдуу конфликте айланган соң башталган.

БУУнун качкындар боюнча комиссиясы билдиргендей, конфликт башталгандан бери Сирияда 6,6 миллион адам ички мигрант болсо, 5,6 миллион адам качкынга айланган.


Чек-арада калган качкындар [фотогалерея]

Copyright © 2017 Maral FM