Биз менен байланышыңыз

Германия оор абалдагы качкындардын балдарын кабыл алат

Дүйнө , Кыска кабар | 9 Мар 2020 | 618 | 0

Германия Түркия менен Грециянын чек арасындагы мигранттар лагериндеги жардамга муктаж балдарды жана өспүрүмдөрдү кабыл алат. Мындай чечим өлкөнүн Христиан-демократиялык партиясы менен Социал-демократиялык партиясынын макулдашуусунун негизинде кабыл алынды.

Билдирүүгө ылайык, Берлин оор гуманитардык кырдаалга кабылган 1000-1500дей баланы кабыл алууга даяр. Анда 14 жашка чыга элек, ата-энеси же жакын туугандарынын карамагында болбогон балдар жөнүндө айтылган.

Бириккен Улуттар Уюмунун Качкындар агенттигинин маалыматына караганда, учурда Түркия-Греция чек арасында 116 миңдей качкын бар. Алардын арасында 5500 миңге жакыны кароосуз жүргөн балдар.

Буга чейин Хорватия да лагердеги балдарды кабыл алууга даярдыгын билдирген.

Идлибде 27-февралда сириялык аба күчтөрдүн соккусунан улам 33 түрк аскери каза тапкандан кийин кырдаал курчуду. Буга чейин келишим менен Сириядан чыккан 4 млн качкынды батырган Түркия 27-февралда Европа өлкөлөрүнө болгон чек араны ачкан.

Мигранттардын агымынан чочулаган Грециянын бийлиги Түркия менен кургактагы жана деңиздеги чек араларын кайтарууну күчөтүү чечимин кабыл алды. Качкындар Грециянын чек арасында өлкөгө кирүүгө аракет кылып турган чагы. Ал эми Греция качкындарды кабыл алуу ниети жоктугун билдирүүдө. Грециянын мамлекеттик чек арасын жарып өтүүгө аракет кылган качкындардын агымын токтотуу үчүн суу менен атуучу курал жана көздөн жаш агызуучу газдар колдонулууда.


Чек-арада калган качкындар [фотогалерея]

Copyright © 2017 Maral FM