Биз менен байланышыңыз

Идлиб: Орусия-Түркия күзөтү ишке ашырылды

Дүйнө , Кыска кабар | 16 Мар 2020 | 770 | 0

Сириянын Идлиб аймагындагы М4 автожолунда кургактык жана аба күчтөрүнүн бөлүктөрүнүн катышуусунда алгачкы Орусия-Түркия биргелешкен кургактык күзөтү ишке ашты. Маалыматтарга караганда, биргелешкен күзөт чагымчылдардын аракетинен улам кыскартылган.

Орто эсеп менен 80 чакырымдык аралыкта болуучу күзөт иштери менен ок атышпоонун туруктуу абалга келтирилиши пландалууда.

Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган менен Орусиянын президенти Владимир Путиндин 5-мартта Москвада өткөн жолугушуусунда Идлибде ок атпоо режими киргизилген.

Жалпы талкуу соңунда эки тарап Сириядагы куралдуу кармашты жөнгө салуу боюнча документтерди кабыл алышты.

Ага ылайык, Идлибде келишилген аймакта ок атпоо режими киргизилди. Орусия менен Түркия түндүк тарабынан 6 км аймакты жана түштүк тарабынан М4 (Магистраль 4) трассасына чейин коопсуз тилке түзүүгө келишишкен. Бул тилкени Орусия-Түркия аскерлери көзөмөлдөп турмакчы.

Copyright © 2017 Maral FM