Биз менен байланышыңыз

Орусия келишимдерди аткарбаса, Түркия бир тараптуу аскердик аракеттерге өтөт

Дүйнө , Кыска кабар | 9 Мар 2020 | 702 | 0

Түркия президенти Тайип Эрдоган эгерде Орусия тарап менен сүйлөшүүдө жетишилген келишимдер сакталбаса, Сириянын Идлиб аймагында бир тараптуу аскердик аракеттерин улана берерин билдирди. Ал мындай позициясын кечээ, 8-мартта NTV телеканалында сүйлөгөн сөзүндө билдирген.

«Эгерде Идлибдеги “Жазгы калкан” операциясы боюнча айтылган сөздөр аткарылбаса, биз бул жерди каалагандай тазалап кеткенге укугубуз бар. Биз Орусия менен Идлибдеги кризисти мындан ары кан төгүүсүз чечүү тууралуу макулдаштык. Эгер сүйлөшүүлөрдөгү сөздөр аткарылбаса, биз өзүбүз аныктап алган жолубуз менен сапарыбызды улайбыз, — деди түрк президенти Тайип Эрдоган.

Андан сырткары, ал акыркы айда сириялык провинцияда 59 түрк аскери курман болгонун, ошондой эле Идлибдеги сириялык режимдин 3,4 миң аскерин жок кылынганын өз сөзүндө белгилеп өттү.

Copyright © 2017 Maral FM