Биз менен байланышыңыз

Идлиб кризиси, Эрдоган менен Путиндин жолугушуусу

Дүйнө , Кыска кабар | 5 Мар 2020 | 840 | 0

Бүгүн, 5-мартта Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Орусияга сапар алды. Анын Москвада Орусия президенти Владимир Путин менен жолугушуусу пландалган.

Эки өлкө лидерлери 2019-жылдын 22-октябрында жана 2018-жылдын 17-сентябрында өткөн Сочи келишиминен кийинки маанилүү саммитти өткөрүшмөкчү. Түркия ымала түзүү максатында столго отуруп, аскердик режим аракеттерин токтотууга чакырмакчы.

Эрдоганды коштогондордун арасында тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу, улуттук коргоо министри Хулуси Акар, экономика министри Берат Албайрак, коомдук байланыш министри Фахреттин Алтун, президенттин расмий өкүлү Ибрахим Калын, АК партиясынын расмий өкүлү Өмер Челик бар.

Бир күндүк иш сапардын алкагында эки тарап негизинен Сириянын Идлиб аймагындагы соңку жагдайды талкуулашмакчы.

Түркия Идлибде келишимдин сакталышын көздөөдө. Ал бүгүн Сочи келишимин кайрадан эске салып, Идлибдеги 12 пункттун маанилүүлүгүн белгилейт. Ал эми Орусия келишимге жаңы шарттар киргизүүнү көздөйт.

Эрдоган Москваны Сирия президенти Башар Асад менен болгон тирешүүгө аралашпоого чакырат. Ал эми Орусия бир кадам артка чегинүү үчүн аз нерсе талап кылбашы анык.

Идлибде 27-февралда сириялык аба күчтөрдүн соккусунан улам 33 түрк аскери каза тапкандан кийин кырдаал курчуду. Эки тараптан тең чабуул, жардыруулар күч алып, соңку бир жумада жүздөгөн аскердин өмүрү кыйылды.

Идлиб – 10 жылга жакын убакыттан бери Сириянын президенти Башар Асадга каршы оппозициянын тарапташтары аракет жүргүзгөн акыркы сириялык провинция болуп саналат. Орусия Асаддын режимине колдоо көрсөтүп келет. Ал эми Түркия болсо тескерисинче, сириялык оппозицияны колдоп келет. Учурда Орусия менен Түркиянын чыңалуусу күчөп турган кез. Эки мамлекет бири-бирине түз каршы чыкпаганы менен бул согуш үчүн бири-бирин айыптап келет.

Путин менен Эрдогандын жолугушуусу алдында Орусия Сирияга ири аскердик күчтөрүн жеткирүүдө. Түркия, Орусиянын бул кадамы эки тараптын компромисске келүүсүн оорлотот деп баалоодо.

Экономикалык жактан алып караганда, Орусия менен Түркия мамилесинин бузлушу эки тарапка тең чыгым алып келбей койбойт. Түркиянын түздөн-түз криеше булагы азайса, Орусия стратегиялык жактан жабыркайт.


Түркия парламентинде депутаттардын массалык мушташы болду (видео)

Copyright © 2017 Maral FM