Биз менен байланышыңыз

Орусия-Түркия келишими: Идлибде ок атпоо режими киргизилди

Дүйнө , Кыска кабар | 6 Мар 2020 | 672 | 0

Орусия менен Түркия мамлекеттеринин Москвада 5-мартта өткөн жолугушуусу жалпы 5 саат 40 мүнөткө созулду. Эки өлкө лидерлери 2019-жылдын 22-октябрында жана 2018-жылдын 17-сентябрында өткөн Сочи келишиминен кийинки маанилүү саммитти өткөрүштү.

Орусиянын президенти Владимир Путин менен Түркия лидери Режеп Тайип Эрдогандын жекече маеги 2 саат 40 мүнөткө созулганын түркиялык басылмалар жазып чыгышты. Андан соң эки лидер делегациялар менен чогуу жалпы жыйынга өтүштү.

Жалпы талкуу соңунда эки тарап Сириядагы куралдуу кармашты жөнгө салуу боюнча документтерди кабыл алышты.

Ага ылайык, Идлибде келишилген аймакта ок атпоо режими киргизилди. Орусия менен Түркия түндүк тарабынан 6 км аймакты жана түштүк тарабынан М4 (Магистраль 4) трассасына чейин коопсуз тилке түзүүгө келишти. Бул тилкени Орусия-Түркия аскерлери көзөмөлдөп турмакчы.

Бирок, М5 трассасы тууралуу эч кандай сөз болгон жок. Бул аталган регионду расмий Дамаск ээлеп алгандыгынын далили экендигин көрсөтүп жаткандай. Буга чейинки келишимде түрктөрдүн көзөмөлүнө киргизилген М4 аймагынан сырткаркы трассалар 7 күн ичинде чечилери айтылууда.

Эрдоган жыйында Түркия Асаддын режиминин чабуулуна каршы жооптуу сокку урууга укуктуу экендигин айтып өттү. Анын конференцияда баса белгилегиси келген негизги нерсеси ушул болду.

Идлиб – 10 жылга жакын убакыттан бери Сириянын президенти Башар Асадга каршы оппозициянын тарапташтары аракет жүргүзгөн акыркы сириялык провинция болуп саналат. Орусия Асаддын режимине колдоо көрсөтүп келет. Ал эми Түркия болсо тескерисинче, сириялык оппозицияны колдоп келет. Учурда Орусия менен Түркиянын чыңалуусу күчөп турган кез. Эки мамлекет бири-бирине түз каршы чыкпаганы менен бул согуш үчүн бири-бирин айыптап келет.

Жыйынтык катары айтсак, жолугушуу оң маанайда өткөнү менен, бул убактылуу гана чечим болду. Эксперттердин пикири боюнча, февраль бою катталган окуя кайрадан кайталанбашына эч ким кепилдик бере албайт.

Кабыл алынган документтерге ылайык, аймактардын бөлүштүрүлүшү.


Идлиб кризиси, Эрдоган менен Путиндин жолугушуусу

Copyright © 2017 Maral FM