Биз менен байланышыңыз

Актер Том Хэнкс менен жубайы да коронавируска чалдыкты

Дүйнө , Кыска кабар | 12 Мар 2020 | 988 | 0

Америкалык актер Том Хэнкс жана анын жубайы коронавируска кабылды. Бул тууралуу актер социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

-Жубайым экөөбүз Австралиядабыз. Биз өзүбүздү чарчаңкы абалда, ооруп калгандай сездик. Рита кечке чыйрыгып чыкты. Баарын туура кылуу үчүн бизден коронавирусту аныктоочу тест алышты. Жыйынтыгында коронавирус жукканы аныкталды, — деп жазды.

Жубайлар 63 жашта. Алар Австралияда карантинден өтүп, дарыланышат.

Белгилей кетсек, дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму дүйнөгө коронавирусту пандемия деп жарыялады. Учурда 120дай мамлекетте коронавирус катталган.

12-мартка карата, COVID-19 вирусун 126 миңден ашуун киши жуктурду. Алардын арасынан 4 миң 600дөн ашыгы каза болду. Коронавируска кабылгандардын 45 700дөн ашыгы Кытайдан тышкаркы мамлекеттерде.


Коронавирус пандемия деп жарыяланды

Copyright © 2017 Maral FM