Биз менен байланышыңыз

Улуттук банктын резервинде 2,4 миллиард доллар бар

Кыска кабар | 11 Мар 2020 | 321 | 0

Улуттук банктын резервинде 2,4 миллиард доллар бар. Мекеме ар кандай кыдаалга интервенция кылып, кескин өзгөрүүлөрдүн алдын алууга даяр. Бул тууралуу Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов билдирди.

Ал белгилегендей, 10-мартта Бишкекте доллардын баасы үч сомго жогорулашына тышкы рыноктогу кырдаал себеп болгон. Ошондой эле психологиялык факторлор жана жарандардын дүрбөлөңгө түшүүсү да таасир эткен.

Эске салсак, Улуттук банк кырдаалды турукташтыруу үчүн интервенция жүргүзүп, 53,7 миллион доллар саткан.

Улуттук банк 53,7 млн долларды канча сомдон саткан?

 

Copyright © 2017 Maral FM