Биз менен байланышыңыз

Улуттук банк 53,7 млн долларды канча сомдон саткан?

Кыска кабар | 11 Мар 2020 | 406 | 0

Улуттук банк 53 миллион 700 миң долларды 72,9 сомдон саткан. Бул тууралуу аталган банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов билдирди.

Анын айтымында, долларды 72,9 сомдон сатып жана сатып алууга тараптар даяр турушкан. Суроо-талаптын тең салмактуулугу байкалгандыктан Улуттук банктын интервенциясы долларды 72,9 сомдон саткан.

Белгилей кетсек, 10-март күнү доллардын сомго карата курсу кескин жогорулаган. Валютанын баасын кармоо үчүн Улуттук банк саат интервенция жасаган.

Улуттук банк: 53,7 млн чет элдик валютаны сатуу боюнча интервенцияны ишке ашырды

 

Copyright © 2017 Maral FM