Кыргызстандын 4 клубу футбол боюнча 2020-жылдагы Өзбекстандын Лига Кубогу мелдешине катышат. Бул тууралуу өлкөнүн премьер-лигасынын маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, лигага Өзбекстандын, Тажикстандын жана Кыргызстандын командалары катышат.
Кыргызстандын премьер-лигасынан бишкектик “Дордой”, оштук “Алай”, Кант шаарынын “Абдыш-Ата” жана Ош шаарынын “Каганат” командалары катышат.
Мелдеш 32/1 финалдык этаптан старт алат. Ал эми чемпион командалар 8/1 финалдык баскычтан тарта ойноп башташат.