Биз менен байланышыңыз

Bloomberg: Азиянын эң бай адамы Жек Ма болду

Дүйнө , Кыска кабар | 10 Мар 2020 | 584 | 0

«Алибаба» интернет компаниясынын түзүүчү Жек Ма Азиянын эң бай адамы болду. Ал байлыгы боюнча Reliance Industries индиялык холдингинин ээси Мукеш Амбаниден ашып өтүп, биринчи сапка чыккан. Бул тууралуу Блумберг сайтынын жарыялаган көрсөткүчтөрү далилдеп турат.

Жек Манын байлыгы 44,5 млрд долларды түзүп, Азиянын эң бай адамы болсо, планетадагы бай адамдардын катарында 18- орунга чыккан.

Ал эми Азиянын экинчи миллиардери Амбани 41,8 млрд доллар бюджети менен дүйнөдө 19-сапта турат.

Сайттын маалыматына караганда, Ма акыркы жылы чыгашасын кескин кыскарткан.

Alibaba компаниясы 1999-жылы түзүлгөн. Компания дүйнө боюнча санариптешкен төлөм ыкмасы жана электрондук коммерция менен алектенген ири уюмдардын бири болуп саналат. Анын түзүүчүсү 55 жаштагы кытайлык ишкер Жек Ма 2019-жылдын 10-сентябрында жетекчиликти өткөрүп берген.


Илон Маск менен Жек Ма адамзаттын келечегин кантип элестетишет?

Copyright © 2017 Maral FM