Биз менен байланышыңыз

Япониядагы круиздик кемедеги кыргызстандык Бишкекке келди

Кыска кабар | 9 Мар 2020 | 1231 | 0

Бүгүн, 9-мартта Япониянын Diamond Princess круиздик кемесиндеги кыргызстандык жаран Бишкекке келди. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ал обсервацияга жаткырылды, абалы канааттандырарлык. Коронавируска анализ алынган. Иш-аракеттер алгоритмине ылайык, эпидемиологиялык абал туруктуу эмес өлкөлөрдөн келген Кыргызстандын жарандары 14 күн карантинге жаткырылат.

Кыргызстандын аталган жараны 15-февралда Токиодогу аскер госпиталына жаткырылып, 29-февралга чейин көзөмөлдө болуп, бир нече жолу коронавируска анализ алынып, 29-февралда ооруканадан чыгарылган.

Copyright © 2017 Maral FM