Биз менен байланышыңыз

Башкы прокуратура: Тынчтык митингдерин өткөрүүнү чектөө мыйзамсыз

Кыска кабар | 9 Мар 2020 | 615 | 0

Башкы прокуратура тынчтык митингдерди өткөрүүгө чектөө коюу мыйзамсыз жана негизсиз деп эсептейт. Мекеменин 9-марттагы тараткан билдирүүсүндө, ар бир жаран тынч чогулуш өткөрүү эркиндигине укуктуу деп айтылат.

Бишкек шаардык мэриясы тарабынан Бишкектин административдик райондук аймактарынын башчыларына 1-июлга чейин ар түрдүү тынчтык жол менен өтүүчү митинг, чогулуш, марш өткөрүүгө чектөө киргизүү боюнча сотко кайрылган. Кайрылууларды Биринчи май, Ленин, Октябрь райондук соттору 5-мартта канааттандырган.

Соттордун мындай чечимдерине Биринчи Май, Ленин жана Октябрь райондук прокуратуралары, шаардык прокуратура каршы сунушун билдирген.

Башкы көзөмөл органы тынч чогулуштарды уюштуруучулар ал жөнүндө тийиштүү жактарга билдирүү бербесе, же билдирүүнүн түрү, мазмуну жана берилген мөөнөтү сакталбагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылбайт деп билдирет.

Ошондой эле, «Кыргыз Республикасынын тынчтык чогулуш өткөрүү жөнүндө» мыйзамына ылайык мамлекеттик органдар жана жергиликтүү башкаруу органдары тынчтык митингин өткөрүүнү камсыздоодо Баш мыйзамга каршылык келтирбеши керек.

Жарандардын коопсуздугу үчүн чыныгы коркунуч бар болсо же өзгөчө кырдаалдар мезгилде гана митингдин жолугушуу убактысына, ордуна же жол кыймылына чектөө киргизүү чечими чыгарылат.

Copyright © 2017 Maral FM