Биз менен байланышыңыз

Казакстан коронавирус таркаган өлкөлөрдөн келгендерди депортация кылат

Дүйнө , Кыска кабар | 6 Мар 2020 | 727 | 0

Казакстан коронавирус таркаган өлкөлөрдөн келгендерди депортация кылууга даяр. Бул тууралуу өлкөнүн саламаттыкты сактоо министри Елжан Биртанов  маалымдады.

«Коргонуу максатында коронавирус тараган өлкөлөрдө болгон адамдарды депортация кылуу укугуна ээбиз жана аны ишке ашырабыз», — деди Биртанов.

Ал 4-мартта Бириккен Араб Эмираттарынан Казакстанга келген учактагы эки кытай өз өлкөсүнө жиберилгенин кошумчалады.

Айта кетсек, Казакстан 8-марттан тарта Кытай, Иран жана Түштүк Кореянын жарандарынын өлкөгө кирүүсүнө тыюу салган.

Copyright © 2017 Maral FM