Биз менен байланышыңыз

Монголия мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга оюн аянтчасын курат

Дүйнө , Кыска кабар | 6 Мар 2020 | 373 | 0

Монголиянын Ротари клубу ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн алгачкы оюн аянтчасын куруу долбоорун демилгеледи. Бул тууралуу эл аралык басылмалар жазды.

Маалыматка караганда, Ротари Интернешнл Дистрикт (Rotary International) Улан-Батордун Баянзурх районунда жайгашкан Улуттук паркта 1700 чарчы метр жерге балдар аянтчасын курууну пландап жатат. Улуттук парктын өкүлдөрү бул демилгени колдоого алды.

Долбоорду ишке ашырууга 54 миң 264 доллар керектелет. Анын 60% Ротаринин мүчөлөрүнүн төгүмдөрүнүн эсебинен жыйналды.

Айта кетсек, Монголияда 105 миң 730 ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген бала бар.

Copyright © 2017 Maral FM