Биз менен байланышыңыз

Бишкекте 1-июлга чейин митинг өткөрүүгө чектөө киргизилет

Кыска кабар | 5 Мар 2020 | 379 | 0

Бишкектин Биринчи май райондук акимчилиги 2020-жылдын 1-июлуна чейин митингдерди өткөрүүгө чек коюу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу акимчиликтин маалымат кызматы билдирди.

Чечимде айтылгандай, акимчиликке жарандардан, коомдук уюмдардан аянттарда, борбордук көчөлөрдө, муниципалдык мекемелердин имараттарынын жанында тынчтык митингин өткөрүү суранычы түшөт.

Митингдер баш калаанын күнүмдүк турмушунун туруктуулугуна тескери таасир тийгизет. Практикадан белгилүү болгондой, акциянын уюштуруучулары миңдеп чогулган адамдарды тийиштүү деңгээлде көзөмөлдөй албайт. Натыйжада башаламандык пайда болот. Жол кыймылына тоскоолдуктар жаралып, тыгындар жаралат, — деп айтылат акимчиликтин билдирүүсүндө.

Митингдерге чектөө киргизүүнүн дагы себебин райондук бийлик коронавирустун жайылышына байланыштырат.

Жарандарга эл көп чогулган жайлардан оолак болуу зарылдыгы айтылган. Ошондуктан массалык чогулууларды чектөө зарыл, — дейт Биринчи май райондук акимчилиги.

Бүгүн, 5-мартта райондук бийлик мындай чечимин мыйзамдуу жана негиздүү деп таануу үчүн сотко кайрылды.

Copyright © 2017 Maral FM