Биз менен байланышыңыз

2-мартта Ак үйдүн кызматкерлерин жакалаган аял 4 айга камакка алынды

Кыска кабар | 10 Мар 2020 | 492 | 0

2-марттагы митингде Жогорку Кеңештин аппарат кызматкерлерине кол көтөргөн аял №1 тергөө абагына киргизилди. Мындай аракет Бишкектин Свердлов райондук сотунун чечими менен кабыл алынды.

Соттун бүтүмүнө ылайык, Жогорку Кеңештин кызматкерине кол салууга шектелип жаткан аял 4-майга чейин кармалат.

Эске салсак, буга чейин Ички иштер министрлиги (ИИМ) Садыр Жапаровдун тарапташтары чыккан митингде Ак үй кызматкерлерине кол салды делип, 47 жаштагы аял кармалганын маалымдаган. Милициянын маалыматы боюнча бул аял коомдук тартипти бузуп, сөгүнгөн. Ошондой эле башка аялдар менен бирге Жогорку Кеңештин аппарат кызматкерлерине, ошондой эле митинг учурунда ары-бери өткөн адамдарга кол көтөргөн.

Copyright © 2017 Maral FM