Биз менен байланышыңыз

ИИМ: Митингде тартипти бузгандарга катуу чаралар көрүлөт

Кыска кабар | 2 Мар 2020 | 2012 | 0

Митингде тартипти бузгандарга катуу чаралар көрүлөт. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Кыргызстанда абалды туруксуздаштырууга аракет жасагандарга мыйзамдын негизинде катуу чаралар көрүлүп, күнөөлүүлөр жоопкерчиликке тартылат. Ички иштер министрлиги тарабынан коомдук коопсуздукту жана тартипти камсыздоо боюнча тиешелүү чаралар көрүлөт.

Ыкчам штаб түзүлүп, иш-чаралардын планы иштелип чыкты. Учурда кылмыштуулуктун алдын алууга, коомдук тартип камсыз кылууга жана өлкөдөгү коомдук-саясий туруктуулукту сактоого багытталган ыкчам алдын алуу иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

«ИИМ жеке жана юридикалык жактарды митинг өткөрүүдө мыйзамдуулукту сактоого чакырат. Ар кандай акцияларды мыйзам чегинде өткөрүү керек. Демократия менен берилген эркиндикти аша чаап колдонууга болбойт. Укукка жат иш-аракеттер мамлекетке жана коомго гана терс таасирин тийгизип гана койбостон, башка жарандарынын коопсуздугуна дагы коркунуч жаратат» , — деп айтылат маалыматта.

Ички иштер органдары бардык мыйзамга каршы келген иш-аракеттерди жүргүзүү жолуна бөгөт коёт. ИИМ баардыгына бирдей мамиле кылат жана саясий маселелерге катышпайт, ошол эле мезгилде мыйзамды бузгандарды көз кырына алып, мыйзам чегинде кескин чараларды көрөт.

Эске салсак, бүгүн, 2-мартта саат Жогорку Кеңештин экс-депутаты, саясатчы Садыр Жапаровдун тарапташтары анын эркиндикке чыгуусун талап кылып, митингге чыгууну пландап жатышат.

Copyright © 2017 Maral FM