Connect with us

ИИМ: Митингде кармалган 4 жаран камакка алынды

Кыска кабар | 3 Мар 2020 | 1610 | 0

Кечээ, 2-марттагы митингдин айынан массалык баш аламандыктарга жол берген 166 жаран Бишкек шаардык милиция кызматтарынын башкармалыктарына жеткирилген. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Алардын 162си менен тактоо, аныктоо иш-чаралары жүргүзүлгөн соң коё берилди.

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын Кылмыштарды жана жоруктарды бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 264-беренесинин (массалык баш аламандыктар) негизинде катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Аталган иштин алкагында 4 жаран камакка алынды.

Мындан тышкары, массалык башаламандыкта 24 милиция кызматкери денелеринен ар кандай жаракаттарды алышты. Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, ыкчам иликтөө иш-чаралары уланууда.

Эскерте кетсек, кечээ камактагы саясатчы Садыр Жапаровдун колдоочулары Ала-Тоо аянтында тынчтык митингин өткөрүшкөн. Акциянын белгиленген мөөнөтү саат 18:00дө бүткөнүнө карабастан, чогулган эл Ак үй тарапка бет алган. Аларды милициянын атайын даярдыктагы кызматкерлери жолдон тосуп, ортодо кагылышуу чыкты. Эл милицияга карата таш ыргытып, милиция суу бүркүүчү унаа, кулак тундуруучу куралдарды пайдаланып, элди кууп таратты.

Copyright © 2017 Maral FM