Биз менен байланышыңыз

Жогорку сот: Кой-Таш окуясы боюнча алдын ала соттук угуу жабык өтөт

Кыска кабар | 5 Мар 2020 | 552 | 0

Жогорку сот Кой-Таш окуясы боюнча соттук териштирүү жабык жүрүп жатканына түшүндүрмө берди.

Бул тууралуу Жогорку соттун маалымат кызматы бүгүн тараткан билдирүүдө айтылат.

Соттун 27-февралдагы токтомуна ылайык, өзгөчө оор кылмыш болгонуна байланыштуу алдын ала соттук угуулар жабык жагдайда өткөрүлөт.

Бишкектин Биринчи май райондук сотунун өндүрүшүндө Алмазбек Атамбаев, Фарид Ниязов, Ирина Карамушкина, Асел Кодуранова, Равшан Жээнбеков, Мээрбек Мискенбаев, Кундуз Жолдубаева, Канат Сагымбаев, Марат Шаменов, Рысбек Карыпбек уулу, Фархат Баабиев, Канатбек Осмоналиев, Ноорузбек Капарбек уулуна карата козголгон кылмыш иш каралып жатат. Бул кылмыш иштер сотко 2020-жылдын 26-февралында түшүп, судья М.Сыдыковдун кароосуна берилген.

Соттун 27-февралындагы токтомуна ылайык, алдын ала соттук угуу 3-мартта саат 16:00гө белгиленген. Анда сот залында отурум өткөрүүгө шарттын жоктугуна нааразы болгон жактоочулар судьяга бир нече өтүнүч келтирген.  Алдын ала угуу 4-март саат 10:00гө чейин жылдырылган. Кечээ, 4-мартта да 5-мартка чейин тыныгуу жарыяланган болчу. Алдын ала соттук угуулар судья тарабынан жабык отурумда каралат.

Copyright © 2017 Maral FM