Биз менен байланышыңыз

Бүгүн Жогорку сот “Кыргызстан” партиясы боюнча БШКнын арызын карайт

Кыска кабар | 1 Сен 2020 | 618 | 0

Бүгүн, 1-cентябрда күндүзгү саат 16:00дө Жогорку сот “Кыргызстан” партиясы боюнча БШКнын арызын карайт. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдирди.

Мыйзам боюнча шайлоого аттанган партиялар 24-август күнү жергиликтүү саат 18:00гө чейин документтерин БШКга тапшырышы керек эле. Бирок “Кыргызстан” партиясы документтерин кеч тапшырганы аныкталып, комиссиянын чечими менен ал кабыл алынган эмес. Бул маселе жарандык коом тарабынан көтөрүлүп, талкуу болгон. Аталган партия БШКнын мындай чечимине нааразылыгын билдирип сотко кайрылган.

27-августта Бишкек шаардык административдик соту Борбордук шайлоо комиссиясынын “Кыргызстан” партиясы боюнча чечимин мыйзамсыз деп тапкан болчу. Ал эми БШК өзүнүн чечимин мыйзамдуу деп эсептеп, партиянын документтерин экинчи жолу кабыл албай, Административдик соттун чечимине макул эместигин билдирген.

29-август күнү Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку сотко кайрылган.

Copyright © 2017 Maral FM