Биз менен байланышыңыз

Өкмөт кыргызстандыкка жардам көрсөткөндүгү үчүн Японияга ыраазычылык билдирди

Кыска кабар | 5 Мар 2020 | 382 | 0

Коронавирус инфекциясынын өлкө аймагына кирүүсүнө жана жайылышына жол бербөө боюнча республикалык штаб Кыргызстандын жаранына өз учурунда медициналык жардам көрсөткөндүгү үчүн Японияга ыраазычылык билдирет. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

1-мартта Кыргызстандын жараны — «Diamond Princess» круиздик кемесинин экипаж мүчөсү япон госпиталынан чыгарылып, Токио шаарындагы мейманканалардын бирине жайгаштырылган.

Биздин жаранды коронавирус инфекциясына акыркы жолу текшерүү — анын ооруга кабылбагандыгын көрсөттү. Кыргызстандыктын ооруканадан чыгарылганы тууралуу япон критерийлерине жооп берген медициналык сертификаты бар. Кыргызстандын жараны учурда Токио шаарында эркин жүрөт.

Кыргызстандын аймагына коронавирус инфекциясынын кирүүсүнө жана жайылышына жол бербөө боюнча республикалык штаб биздин жаранга өз убагында адистешкен медициналык жардам көрсөткөндүгү үчүн япон тарапка ыраазычылык билдирет.

Copyright © 2017 Maral FM