Биз менен байланышыңыз

Кой-Таш окуясы боюнча айыпталуучулар камакта калтырылды

Кыска кабар | 4 Мар 2020 | 600 | 0

Бишкектин Биринчи май райондук соту Кой-Таш окуясы боюнча айыпталуучулардын баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча жактоочулардын өтүнүчүн четке какты.

Бүгүн, 4-мартта аталган окуя боюнча кылмыш ишин алдын ала кароо иши улантылды. Иш боюнча 14 жаран айыпталууда. Алардын катарында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев бар. Соттук отурумга төрагалык кылуучу судья Марат Сыдыков айыпталуучулардын баш коргоо чарасын өзгөртүү өтүнүчүн четке какты.

Жактоочулар, мындан сырткары, кылмыш ишиндеги айрым бетме-бет сурактардын жыйынтыгын жокко чыгарууну өтүнүштү. Муну алар бир катар мыйзам бузуулар менен чыгарылганын белгилешет.

Судья тыныгуу жарыялап, бул боюнча кеңешүү бөлмөсүнө кетти.

Copyright © 2017 Maral FM