Биз менен байланышыңыз

Москва: Кызыл аянттагы Жеңиш парадына Кыргызстандын 3 ардагери катышат

Кыска кабар | 4 Мар 2020 | 464 | 0

Москванын Кызыл Аянтындагы Жеңиш парадына Кыргызстандан 3 ардагер катышат. Бул тууралуу Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинен кабарлады.

Маалыматка ылайык, Орусия тарап Кыргызстандан барган ардагерлердин жол акысын жана аларды жайгаштыруу, Москва шаарында ардагерлерди коштоп жүрүү жоопкерчилигин өз мойнуна алды.

Ардагерлердин тизмеси азыркы учурда такталып жатат. Алардын абалына жана сөзсүз түрдө ардагерлердин ден-соолуктарына карап жөнөтүлөт. Себеби алардын иш-чарага катышуусу жана аба каттамында учууга болгон абалдары алардын ден-соолуктарынан көбүрөөк көз каранды, — деп айтылат элчиликтин билдирүүсүндө.

Copyright © 2017 Maral FM