Биз менен байланышыңыз

Украина жаңы премьер-министрин дайындайт

Дүйнө , Кыска кабар | 4 Мар 2020 | 467 | 0

Украинанын премьер-министри Алексей Гончарук кызматтан кетүү үчүн арыз берди. 3-март күнү Жогорку Раданын «Слуга народа» фракциясы анын арызын колдогон.

Белгилей кетсек, Алексей Гончарук өкмөт башчылыкка келгенине 6 ай болду.

Бүгүн, 4-мартта Жогорку Рада Гончаруктун кызматтан кетүү жөнүндө арызын карайт. Ошондой эле анын ордуна 44 жаштагы Денис Шмыхалды дайындоо маселеси да күн тартибине коюлган. Парламент жыйынына президент Зеленскийдин катышуусу күтүлүүдө.

Шмыхал өкмөт башчынын орун басарлыгына февралда дайындалган. Мурда ал Ивано-Франков облусунун губернатору болуп турган.
2017-2019-жылдары Украинадагы эң бай миллиардер Ринат Ахметовго таандык энергохолдингди жетектеген. Шмыхал Ахметов менен тааныштыгы жок экенин, ишке сынак аркылуу орношконун айтып келет.

Буга чейин, январдын ортолорунда Гончаруктун отставкага кетүү үчүн жазган арызын Зеленский кабыл албастан, өкмөт башчыга дагы бир ирет мүмкүнчүлүк берерин билдирген.

Алексей Гончарук өкмөт башчылыкка өткөн жылдын 29-августунда келген. Ага чейин президенттик аппарат башчысынын орун басары кызматын аркалаган.

Copyright © 2017 Maral FM