Биз менен байланышыңыз

Бүгүн Бишкекте коронавирус тууралуу маалыматтык сессия өтөт

Кыска кабар | 4 Мар 2020 | 360 | 0

Бүгүн, 4-мартта Кыргызстандагы Кызыл Ай коомунун ыктыярчылары, Ден соолукту чыңдоо улуттук борборунун кызматкерлери жана Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлдөрү «ASIA Mall» соода борборунда курч респиратордук оорулардын, анын ичинде коронавирустун алдын алуу боюнча маалыматтык сессия өткөрөт. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматтык-сессияда коронавирус боюнча төмөнкүдөй маалыматтарды ала аласыздар:

  • Жалпы терминдер жана түшүнүктөр;
  • Коронавирустан кантип коргонууну керек;
  • Беткап тагынуу коронавирустун коргоонун натыйжалуу ыкмасыбы?;
  • Гигиенанын эрежелери жана жалпы жоболор.

Copyright © 2017 Maral FM