Биз менен байланышыңыз

Ирандын 23 депутатынан коронавирус аныкталды

Дүйнө , Кыска кабар | 3 Мар 2020 | 1020 | 0

Ирандын 23 депутаты коронавируска кабылганы аныкталды. Бул тууралуу Ирандын парламентинин вице-президенти маалымдады.

Ошондой эле, ал парламент өкүлдөрүн эл менен байланыш түзүүдөн алыс болууга чакырды. Бирок, парламент жумушун уланта бермекчи.

Иранда 2 336 коронавирус жуктурган жагдай катталып, анын 77си каза болду. Андан сырткары, 175 адам илдеттен айыккан. Иран бийлиги вирус дагы жайылышы мүмкүндүгүн айтып келет.

Буга чейин Иранда коронавирустан мамлекеттик бийликтин өкүлү Сейед Мохаммад каза болгон.

Ирандын вице-президенти Масуме Эбтекардан да коронавирус аныкталган. Маалыматка караганда, ал өз үйүндө карантинге алынган. Ошондой эле, аталган өлкөнүн саламаттык сактоо министринин орун басары Ирадж Харирчи да коронавируска кабылганы маалым болгон. Иран парламентинин улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Муджтаба Зулнур да вируска кабылганы аныкталган.

Андан сырткары, Ирандын Ватикан жана Египеттеги мурдагы элчиси Хади Хосроушахи коронавирустан көз жумган.

Кошумчалай кетсек, 3-мартта Украинада коронавируска кабылган алгачкы жагдай катталды.


Коронавирус 63 өлкөгө жайылды [тизме]

Copyright © 2017 Maral FM