Биз менен байланышыңыз

Коронавирус: Тажикстан 35 өлкөнүн жарандарына убактылуу чектөө киргизди

Дүйнө , Кыска кабар | 3 Мар 2020 | 437 | 0

Коронавирустун жайылышын алдын алуу максатында Тажикстан вирус катталган 35 мамлекеттин жарандарына өлкөгө кирүүгө убактылуу тыюу салды.

Тажикстан убактылуу тыюу салган өлкөлөрдүн тизмеси: Кытай, Япония, Корея, Вьетнам, Сингапур, Австралия, Малайзия, Камбоджа, Филиппины, Таиланд, Непал, Шри-Ланка, Индия, Финляндия, Италия, Британия, Испания, Швеция, Бельгия, Израиль, Австрия, Хорватия, Швейцария, АКШ, Канада, БАЭ, Египет, Иран, Ливан, Кувейт, Бахрейн, Оман, Афганистан, Ирак жана Алжир.

Аталган өлкөлөрдүн жарандарына билет сатуу токтотулган. Ошондой эле, буга чейин сатып алгандардын билетин төлөп берүү каралган.

Бул мамлекеттерден келген тажикстандыктарды 2 жумалык карантин күтөт.

Ал эми Кыргызстан коронавирус көп катталып жаткан Кытай, Иран, Италия, Япония жана Түштүк Кореянын жарандарынын келишине убактылуу чектөө киргизген.

3-мартка карата дүйнө боюнча коронавируска кабылгандардын саны 91 миңден ашты.


Коронавирус 63 өлкөгө жайылды [тизме]

Copyright © 2017 Maral FM