Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаровдун колдоочуларынын кайрылуусу президент Жээнбековдун колуна тийди

Кыска кабар | 2 Мар 2020 | 853 | 0

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Жылдыз Жолдошева камактагы Садыр Жапаровдун тарапташтарынын кайрылуусун президент Сооронбай Жээнбековго берди. Бул тууралуу Жолдошева «Ала-Тоо» аянтында өтүп жаткан митингде билдирди.

Саясатчы айымдын айтымында, президент колуна тийген бардык материалдарды тиешелүү органдарга тапшырууга убада берди.

Бүгүн борбордук «Ала-Тоо» аянтында Садыр Жапаровдун боштондугун талап кылган митингге чыгышты. Учурда алар «Садыр Жапаровго боштондук!» деп кыйкырып жатышат. Нааразычылык акцияны коомдук ишмер Каныбек Осмоналиев башкарууда.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Садыр Жапаров Кумтөр маселесине байланыштуу өкмөткө каршы чакырыктары менен белгилүү болгон. Ал «2013-жылы Караколдо митинг уюштуруп, Ысык-Көлдүн ошол кездеги губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алган» деген айыптын негизинде 2017-жылы кармалган. 2019-жылы Жогорку сот Садыр Жапаровду он жылга кескен.

Copyright © 2017 Maral FM