Биз менен байланышыңыз

1 млн медициналык беткапты Кыргызстандан чыгарып бараткан аткезчилер аныкталды

Кыска кабар | 28 Фев 2020 | 4189 | 0

1 миллион даана медициналык бет капты Кыргызстандан аткезчилик жол менен алып чыгып кетип бара жаткандар аныкталды.

Бул боюнча Коронавирустун өлкө аймагына кирүүсүнө жана жайылышына жол бербөө боюнча республикалык штабдын бүгүнкү, 28-февралындагы отурумунда айтылды. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Аткезчилик товар чек арадан кармалган. Учурда Кыргызстандан медициналык бет капты алып чыгууга тыюу салынган.

Copyright © 2017 Maral FM