Биз менен байланышыңыз

ТИМ: Умрага барууга убактылуу чектөө киргизилди

Кыска кабар | 28 Фев 2020 | 573 | 0

Сауд Арабияга умрага барууга убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат департаменти бүгүн кабарлады. Маалыматка ылайык, мындай чечимди Сауд Арабия Падышачылыгы коронавирустун жайылып кетүүсүнүн алдын алуу максатында кабыл алган.

Чечимге ылайык, умра (Кичи Ажылык) сапарына жана Мекке шаарындагы Пайгамбардын мечитине зыяратка барууга убактылуу чектөө киргизилди.

Мындан сырткары, коронавирустун жайылып кетүү коркунучу бар мамлекеттерден туристтик виза менен келүүчү жарандардын кирүүсүнө да убактылуу чектөө киргизилет.

Мындай чечимдер Сауд Арабия Падышачылыгынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин компетенттүү органдарынын берген маалыматтарынын улам кабыл алынган.

Copyright © 2017 Maral FM